• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген КР жарандары камсыздандыруу суммасын ала алат – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Маалыматтык-кеңеш берүү борбору Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген кыргыз жарандарын камсыздандыруу суммасын алууну суранат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Миграция кызматы белгилегендей, Маалыматтык-кеңеш берүү борбору HRDKorea өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада Кореяда иштеп келген кыргыз жарандарына камсыздандыруу суммасын кайтарып берүү тууралуу чечимге келишкен.

Борбордон белгилешкендей, 2008-жылдан 2020-жылга чейин Кореяда иштеп келген жана камсыздандыруу суммасы кошулуп эсептелген КРнын айрым жарандарында ошол акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Камсыздандыруу суммасын которуу боюнча тизмеде бар жарандар Маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кайрылуусу зарыл. (жанында чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорту болушу шарт). Борбордун дареги : Бишкек ш., Токтогул көч., 237 тел: 0312 650251.

Кореяда иштеп келген КР жарандарынын тизмеси төмөнкү шилтемеде

Пикир

Оставить комментарий