• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кореяда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Түштүк Кореянын борборунда Кыргызстандын Соода үйүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Соода үйү соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында ачылды.

Соода үйү Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстандын NAG Group компаниясынын президенти Гүлшайыр Надырбекованын жардамы менен түзүлүп, кыргыз продукциясын Корея рыногуна жылдыруу ниетин билдирген.

Расмий аземге Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова, Корея импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) президенти Бён Кван Ким, Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулдары Ким Джон Гу жана Ким Хосонг, ошондой эле Кыргызстандын жана Кореянын жарандары катышты.

Элчи Аида Исмаилова өз сөзүндө Корея менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жакынкы арада Кыргызстандын продукциялары Кореянын ири соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, KOIMA президенти Бён Кван Ким кореялык ишкерлер кыргыз продукциясынын сапатын жогору баалаарын белгилеп, кореялык рынокко органикалык продукцияны жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Соода үйүндө 23-июндан 25-июнга чейин «Import Goods Fair 2022» Эл аралык көргөзмөсүнө катышкан компаниялардын кийизден жасалган буюмдары, табигый бал, варенье жана башка продукциялары менен Кыргызстандын органикалык продукциялары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий