• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кореядагы Эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстан тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кореядагы Кыргызстандын элчилиги Илсан шаарында өтүп жаткан эл аралык көргөзмөдө Кыргызстан тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-сентябрында Илсан шаарында 4 күндүк «6th Korea International Tourism Show» эл аралык туристтик көргөзмө ачылды. "Аталган көргөзмөдө КР Кореядагы элчилиги Кыргызстанды тартуулоодо. Элчи Динара Кемелова көргөзмөнүн ачылышына катышып, анын алкагында «Smart Tourism» концепциясын жайылтуу маселелери талкуланды, ошондой эле Элчи Кыргызстандын туристтик потенциалын Түштүк Кореяда илгерилетүү боюнча уюштуруучулар менен жолугушуп, атап айтканда уюштуруучу комитетинин төрагасы Чан Су Чжон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземинде Уюштуруу комитетинин төрагасы Чан Су Чжон бул иш-чара COVID-19 шарттарында акылдуу туризм кызматтарына суроо-талаптардын өсүшүнө байланыштуу жана туристтик индустрияда санариптик трансформация үчүн негиз түзүүгө арналганын белгиледи. Анын айтымында, көргөзмө туризм тармагындагы мындай инновациялык контент быйыл биринчи жолу өтүп жатат.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн жүрүшүндө элчилик Кыргызстандын туристтик мүмкунчүлүктөрү тууралуу видеороликтерди көрсөтүп, Кыргызстан жөнүндө китепчелерди таратууда. Ошондой эле кыргыз элинин кооз жаратылышы жана бай маданияты тууралуу фото көргөзмөсү дагы уюштурулган.

Көргөзмөнүн алкагында КРнын экспорттук потенциалы, тактап айтканда бал, нуга, шоколад жана кийизден жасалган буюмдар тартууланууда.

КР элчилиги каалоочуларды 12-сентябрга (жекшемби) чейин достор жана үй-бүлө менен Кыргызстандын павильонуна (А-04) келип кетүүгө чакырат.

Маалымат үчүн: Бул көргөзмөгө Түштүк Кореянын 97 жергиликтүү бийлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен 14 чет мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий