• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кореядагы кыргыз эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Адам ресурстарын ɵнʏктүрүү кызматынын президенти Ким Донг Ман менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 13-февраль күнү болуп өткөн. Анда Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укугун коргоо, жумушка иштɵɵгɵ уруксат берүүчү (EPS) системага байланышкан маселелер талкууланган. Элчилик, Адам ресурстарын ɵнʏктүрүү кызматынан Кыргызстандын жарандары үчүн эмгек контрактарын кɵбɵйтүүгɵ жардам берүүсүн суранган.

Ɵз кезегинде Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын президенти Ким Донг Ман Түштүк Кореянын кичи жана орто ишканалары ɵлкɵдɵгү экономикалык абалга жараша чет ɵлкɵлүк жумушчуларды жалдоону кыскартышканын билдирген.

Жолугушуунун алкагында тараптар эмгек контрактарын кɵбɵйтүүнү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жумуштарды улантууну макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий