• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясы расмий каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Сеул шаарында Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын расмий каттоосуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын төрагасы Бектурсун Алыбаев, кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, мекендештер арасындагы активисттер, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер катышты.

Куттуктоо сөзүндө элчиси Исмаилова ассоциациянын мүчөлөрүн куттуктап, студенттерди өлкөнүн жана коомдун жашоосуна активдүү катышууга чакырды, ошондой эле ассоциациянын төрагасы Алыбаевге, коомдук ишмер Г. Надырбековага жана студенттерге Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүндө волонтердук иши үчүн ыраазычылык каттарды тапшырды.

Бул иш-чаранын алкагында ассоциациянын төрагасы Алыбаев жана Кореядагы камбоджалык студенттер ассоциациясынын төрагасы Писей Точ, Кореядагы казакстандык студенттер ассоциациясынын расмий өкүлү Адел Толеубекова жана Кореядагы филиппиндик окумуштуулар комитетинин катчысы Джастин Ван Ривера ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумдун алкагында тараптар маданият, илим жана спорт тармагында кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий