• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кореянын элчиси “Кабар” маалымат агенттиги менен кызматташууга даяр экенин билдирди

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев бүгүн, 29-ноябрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ менен маалыматтык кызматташууну кеңейтүү пландарын талкуулады.

Шерметалиев агенттиктин ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары тууралуу айтып, ошондой эле кореялык кесиптештер менен тажрыйба жана журналисттик материалдар менен алмашуу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

“Биз Корея менен кызматташууга кызыкдарбыз жана бардык сунуштарды кароого даярбыз”, - деди Шерметалиев.

Тараптар ошондой эле “Кабар” менен Кореянын эң ири Yonhap маалымат агенттиктеринин ортосундагы бардык мүмкүн болгон багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Өз кезегинде Ли Вон Чжэ элчилик ар кандай маселелер боюнча “Кабар” агенттигине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды чагылдырууда агенттиктин ишин жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий