• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кореянын күрөш боюнча улуттук курамасы Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргыз күрөш федерациясы менен Түштүк Кореянын Күрөш федерациясы кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Меморандумга Кыргыз күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев жана анын кореялык кесиптеши Ким Ён Ман кол койгон.

"Эки мамлекеттин федерацияларынын ортосунда түзүлгөн бул меморандумдун негизги максаты - тажырыйба алмашуу, байланышты бекемдөө. Кесиптештерибизди биздин балбандарынын чеберчилиги жана жетишкендиктери суктандырып жатканы биз үчүн сыймыктанчу окуя. Андыктан, корей спортчулары 1-февралдан бери биздин курама команда менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө. Эртең дагы Корея кыз-келиндер курама командасынан 15 спортчу келип, Бишкекте жаңы ачылган күрөш залында машыкмакчы", - деп жазды ал.

Турганбаев белгилегендей, алдыда кыргызстандык спортчулар дагы Түштүк Кореяга барып, машыгууларды өткөрүшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий