• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кореянын премьер-министри Кыргызстан Кореяда эмнеси менен таанымал экенин айтты

Саясат 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Перспективалык келечекти куруу тилегин ишке ашырууда Кыргызстан маанилүү өнөктөш болуп саналат. Бул тууралу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён "Кыргызстан-Түштүк Корея" бизнес форумунда билдирди.

Ал форумга Кыргызстан менен Кореянын ишкерлери биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн чогулганын белгиледи.

"Эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда жемиштүү жана маңыздуу сүйлөшүү болоруна ишеним артам. Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев айткан сунуштарды колдойм. Корея үчүн перспективдалык келечекти куруу тилегин ишке ашырууда Кыргызстан маанилүү өнөктөш болуп саналат", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстан экономикалык жана инвестициялык кызматташуу үчүн перспективалык өнөктөш болушуна өлкөнүн Борбор Азия өлкөлөрү арасында алгачкылардан болуп Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жана анын ЕАЭБге мүчө экендиги себеп.

Ли Нак Ёндун пикири боюнча, бүгүнкү бизнес форум кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгарууда.

Анын менен бирге ал кыргыз эли менен корей эли окшош экенин айтып өттү.

"Залда отурган кыргыздарды корейлерден, мен сүйлөй баштаганда наушник алганы боюнча айырмалоого болот", - деди ал.

Ошондой эле ал, кореялыктар Кыргызстанга эс алууга көбүрөөк келе баштаганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан кореялыктардын арасында Ысык-Көлү, Ала-Арча жаратылыш паркы жана дүйнөгө аты чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко менен таанымал.

Пикир

Оставить комментарий