• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кореянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий