• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кореянын премьери Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Корея Республикасынын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер активдүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан, биздин өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында Электрондук Өкмөт, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте биздин өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.

Корея Республикасынын премьер-министри Чон Се Гюн Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго чың ден-соолук, ал өлкөнүн элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий