• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кореянын президенти жана Ангела Меркель Кыргызстанга куттуктоо сөзүн жолдоду

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин жана Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён жана Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстандын элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ангела Меркелдин куттуктоо сөзү:

«Сизге майрамдык тынчтык жана бакубатчылык күндөрүн, ошондой эле Жаңы жылда ден соолук, ийгилик жана ишеним каалап кетүүгө уруксат этиңиз. 2020-жыл бардыгыбыз үчүн тынчтыктын жана жакшылыктардын жылы болсун».

Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндин куттуктоосу:

«Сизди эски жыл аяктап, кирип келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктоого уруксат этиңиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздин Корея Республикасына жана жеке мага көрсөткөн баа жеткис колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кирип келе жаткан Жаңы жылда Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө бардык жакшылыктарды каалайм».

Кореянын президенти Мун Чжэ Индин куттктоо сөзү:

«Корея Республикасы менен достугуңуз жана көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Корей элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге Жаңы жылда бардык жакшылыктарды каалайм. Сиздин Корей жарым аралында тынчтыкты орнотууга багытталган колдооңуз жана кызматташтыгыңыз корей элинин ишенимине арзыйт. Корея мындан ары дагы эл аралык коомчулук менен биргеликте тынчтыкты курууга бардык күчүн жумшайт. Кирип келе жаткан Жаңы жылда биздин эки өлкө кызматташтыгын улантат деген үмүттөмүн. Сиз менен тынчтыкта өсүп-өнүккөн Корея жарым аралында жолугушуубузду чыдамсыздык менен күтөм».

Пикир

Оставить комментарий