• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айлыгы $1000 ашык: Кореянын завод жана фабрикаларына кантип жумушка орношсо болот?

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Чет жерде иштегиси келген жарандар үчүн Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү боюнча КРнын жарандарын жумушка орноштуруу программасы иштейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын Маалымат-кеңеш борборунун башкы адиси Нагима Ашымбекова билдирди.

Анын айтымында, жумушка орношкусу келген адам корей тилин сөзсүз билүүгө тийиш. Бул программа боюнча тестти өтүп, Кореянын Эмгек министрлигинин электрондук базасындагы бирдиктүү реестрга кирүүгө мүмкүндүк алышы керек. Андан кийин жумуш бергендер менен келишимди күтөт.

"Бул система боюнча Корея 16 өлкө менен иштейт жана ал өлкөлөрдүн жаранын жумушка алган өзүнүн багыты бар. Корея биздин жарандарга өндүрүш объектилеринде - завод, фабрикаларда жумуш берет. Кореяда кошумча акыны эсептебегенде эң аз маяна айына 1200 долларды түзөт. Бирок биздин жарандар кошумча иш алып, ага жараша көбүрөөк акча алышат. Жашаган жерди жана тамакты жумушка алгандар берет", - деди ал.

Ошондой эле, келишим аяктагандан кийин ал уюм жумушчунун мекениндеги банкка пенсиялык чегерүүлөрдү которушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Эгер жаран Кореяда 4 жылдан ашык иштесе, ага орточо 20-25 миң доллар пенсиялык чегерүү берилет", - деди адис.

Кореяда иштегиси келген жарандарга болгон талаптар:

- жаш курагы - 18-39;

- корей тили боюнча сынакты тапшыруу;

- Е-9 жана Е-10 визалары боюнча Кореяда жалпы 5 жылдан ашык болбогондор;

- дальтонизмге чалдыкпагандар;

- медициналык кароодон өтө алгандар;

- мурда Кореядан депортация болбогондор жана соттолгондугу жоктор.

Пикир

Оставить комментарий