• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР коргоо министри ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов ЖККУ башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун башында Бактыбек Бекболотов Имангали Тасмагамбетовду жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага мындан аркы ийгиликтерди, ошондой эле үзүрлүү иштерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, ЖККУ аскердик курамын өнүктүрүүнүн учурдагы маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Бактыбек Бекболотов Кыргызстандын коргоо ведомствосу белгиленген пландарды ишке ашырууга жана мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билгиледи.

Пикир

Оставить комментарий