• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коргоо министри ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бекболотов өз сөзүндө ЕККУ менен кеңири маселелер боюнча кызматташууга артыкчылыктуу маани берээрин жана көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен жалпы долбоорлордун мындан ары да илгерилешине үмүт кылаарын билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык аскердик кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты. Борбордук Азия регионунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен азыркы учурдун чакырыктары жана коркунучтары жаатында байланышты жайгаруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде А. Рогов коргоо министрине жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташуунун учурдагы багыттары боюнча мындан аркы кызматташууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий