• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын коргоо ведомстволорунун кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Бекболотов Сауд Аравиясынын коргоо ведомствосу менен аскердик кызматташтыкты орнотуу ниетин жана келечекте аскер жаатындагы эки тараптуу мамилелер - мамлекеттер аралык мамилелердин контекстинде негизги орундардын бирин ээлейт деген үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар багыттар боюнча эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий