• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коргоо министрлиги: Аскер кызматкерлеринин айлык акылары 50 жана 30%га көтөрүлдү

Коом 0


Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.

Анын айтымында, офицердик курамдын айлык акылары 50%га, ал эми сержанттык курамдын айлык акылары 30 %га көбөйгөн.

“2018-жылы сержанттык курамдын айлык акылары 30%га көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, офицердик курамдын айлык акыларын 50 пайызга, ал эми сержанттык курамдыкын 30%га көтөрүү чечими кабыл алынган. Мисал келтире кетсем, буга чейин взводдун командири 7 миң 600 сом алса, учурда ал 12 миң сом алат. Ошондой эле бригаданын командири буга чейин 9 миң алып келсе, ал 14 миң сом алат”, - деп түшүндүрдү ал.

Оморов кошумчалагандай, аскер кызматкерлери сентябрдан тарта жогорулаган айлык акыларын алышат.

Пикир

Оставить комментарий