• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коргоо министрлиги: КР аскерлери чет өлкөлөрдөгү аскердик аракеттерге катышкан жок

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү өлкөнүн аймагында. Аларды мамлекеттик чек арадан тышкары кандайдыр бир аракеттерге тартуу планда жок, - деп билдирди Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы.

"КР Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарат. Жарандардан расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий