• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коргоо министрлигинде Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Коргоо министрлигинде Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарада министр Бактыбек Бекболотов Куралдуу күчтөрдүн айымдар жамаатына кайрылып, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

Министр айымдардын жашоодогу өзгөчө ролун баса белгилеп, кызматында ийгилик жараткан аскер айымдарына жана КР КК кызматчыларына грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырды.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин эстрада жылдыздарынын жана КР КК Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамаатынын майрамдык концерти уюштурулду.

Белгилей кетсек, Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар КР Куралдуу күчтөрүнүн бардык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий