• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнө келген жаш жоокерлер ант беришти

Коом 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин ант берүү салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 20-ноябрда мекен алдында 100дөн ашык Кыргызстандын жаш жоокерлери ант беришти.

"Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен болгон ыкмалар боюнча көсөтмөлөр аткарылып, концерттик программалар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий