• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө дээрлик 1 млн сомду ээлеп алган начальник аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Аскер прокуратурасы тарабынан КР Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында системдүү иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өздүк эсебине бюджеттик каражаттарды которуп, өз пайдасына кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекеткекелтирилген зыян 965 миң сомду түздү.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу"), 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий