• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу борборунда ыкчам жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-3-сентябрында КР Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу борборунда Борбордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдары менен оперативдик жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү жана полковник Бердибек Асанов жетектеген ЖККУнун биргелешкен штабынын офицерлер тобу катышты.

Жыйындын максаты алдыда боло туруучу биргелешкен “Рубеж-2021” машугуусунун командачылыгынын жана штабынын кызмат адамдарынын кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чаранын катышуучулары - Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Сирия Араб Республикасындагы эл аралык терроризм менен күрөшүүдөгү аскердик операция учурундагы топтогон тажрыйбасы менен таанышты.

Эске салсак, 7-9-сентябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын "Эдельвейс" полигонунда ЖККУнун Борбордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен "Рубеж-2021" машыгуусу болот.

Машыгуунун темасы "ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча Борбордук Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү".

Пикир

Оставить комментарий