• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Коркут Ата” спектакли Түркияда коюлду

Маданият 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмери, драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли менен Түркия мамлекетинин Мерсин шаарында өткөн “3 - Түрк дүйнөсү” эл аралык театр фестивалына катышып келди. Оюнду Түркияда көрсөтүүнү уюштургандардын маалыдашына караганда, Түркия, Азербайжан, Түндүк Кипр, Гагаузия, Иран, Ирак, Сирия мамлекеттери катышкан бул чоң фестиваль Кыргызстандын спектакли менен ачылды.

Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан Мерсин шаарында Түрк дүйнөсүнүн театр ишмерлери чогулуп бир жумалык театр майрамын белгилешти. Ачылыш салтанатта шаардын Мэри Бурханеттин Кожамаз “фестивалды кыргыз спектакли менен башталгандыгынын өзү ал спектаклдин деңгээлинен кабар берип турат”- деди. Алдын ала жиберилген тасмалардын негизинде уюштуруучулар ачылыш салтанатка мыкты спектакль катары Кайрат Иманалиевдин “Коркут ата” спектаклин тандап алышкан. Натыйжада ачылыш аземде Түркиянын театр сүйүүчүлөрү зор ынтаа менен көрүшүп, чоң баа берүү менен кабыл алышты.

Фестивалга катышкан башка театрлар бир жолу гана спектакль аткарышса, көрүүчүлөрдүн суроосу боюнча кыргыз сахна чеберлери үч жолу спектаклди көрөрмандарга тартуулашты. Спектаклди Түркиянын ТРТ каналы толугу менен тартып алып теле көрүүчүлөргө тартуулады

Фестивалдын жобосу боюнча катышкан театрларга орун берилбейт. Бирок уюштуруу тобунун жетекчиси Мерсин шаарынын Мэри Бурханеттин Кожамаз “Коркут ата” спектаклин “Эң мыкты спектакль” деп баалап, чыгармачыл жамаатка акчалай сыйлык жана спектаклдин автору Кайрат Иманалиевге, режиссеру Марат Козукеевге, сүрөтчүсү Бакыт Тилекматовго “Эң мыкты чыгармачылык изденүүсү” үчүн сыйлыгын ыйгарды. Коркуттун улгайган кезин аткарган актер Калык Акматовду ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов Халдун Танер медалы менен сыйлады. Бул иш чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов катышып, Кайрат Иманалиевге жана актерлор Шайгүл Алсеитовага, Калича Сейдалиевага, Адыл Болорбек уулуна “Кыргыз маданиятын Түркияда тааныткандыгы үчүн” сыйлыгын тапшырды.

Спектаклди Тарсус жана Эрдемли шаарларынын театр күйөрмандары да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Шаар башчылары менен тургундары чыгармачыл жамаатты жылуу кабыл алып, шаар символу болгон “Алтын лимон” сыйлыгын тартуулашты.

Түркиянын көрүүчүлөрүн арзуусуна ээ болгон Улуттук театрдын чыгармачыл жамааты эми Азербайжан мамлекетине эл аралык фестивалга чакыруу алды.

Пикир

Оставить комментарий