• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коркутуу-үркүтүү менен. Ысык-Көлдө эки жаш жигит жарандардын телефонун тоноп жүрүшкөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында жана февраль айынын башында Ысык-Көлдүн Каракол шаарында уюлдук телефондорду тоноо жолу менен алып кеткен бир катар учур катталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жабырлануучунун бири азият улутундагы эки бала үйүнө кирип, коркутуу жолу менен күч колдонуп «Редми Нот-7» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген.

Ушундай эле арыз менен «МИ А-2» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз эки адам алып кеткендигин билдирип дагы бир киши милицияга кайрылган.

«Каракол шаардык милициясына дагы бир жабырлануучу кайрылган. Ал өз арызында белгисиз эки жигит үйүнө кирип, коркутуу жолу менен акча сурашкандыгын, бирок анда акча жок экендигин билген шектүүлөр милицияга кайрылсаң, өмүрүнө коркунуч келтиребиз деп коркутуп кетишкен», - деп кошумчалашты милициядан.

Аталган фактылар Каракол шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү делип Каракол шаарынын 20 жана 19 жаштагы эки тургуну кармалган. Алар алгачкы жүргүзүлгөн суракта жасаган кылмыштарын моюнга алышкан.

Каракол шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап, камоо чечимин чыгарган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка ушул өңдүү кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий