• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылдын август айынан тарта кефир өз аталышын өзгөртөт

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын августунан тарта “кефир” сүт азыгы “кефир азыгы” деп атала баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Шабданов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал маалымдагандай, азыктын атынын өзгөрүшү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) техникалык регламентинин талаптарына байланыштуу, ошондуктан коркуунун эч кандай кажети жок экендигин билдирди.

Шабданов билдиргендей, 2019-жылдын 12-августунда сүт жана сүт азыктарынын техникалык регламент боюнча өткөөл мезгили аяктайт. “Бизде жаңы техникалык регламенттер күчүнө кирет. Ошол күндөн тарта кефир “кефир азыгы” деп аталат”, - деп түшүндүрдү ал.

Андан тышкары Бакыт Шабданов, 12-августта кефирди өндүрүүдө стандарттык технологиялар колдонулат деди. "Кыргызстан ЕАЭБге кирген күнгө чейин биздин өлкөнүн сүт жана сүт азыктарын чыгаруу боюнча улуттук регламенттери болгон”, - деп билдирди.

Анын айтуусу боюнча, “Сүт жана аны кайра иштетүү коопсуздугу жөнүндө” улуттук техрегламентте кефир – бул кычкыл сүт азыгы деп көрсөтүлгөн. Ал микроорганизмдердин таза маданияты боюнча даярдалган кычкыл сүт азыктарын (сүт жана спирт) аралаштыруу, козу же ачыткыларды колдонуп ачытылат. Ал эми ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талабына ылайык, кефир ачыткыны колдонуу менен гана даярдалышы керек”, - дейт ал.

Ал эми “Кант-Сүт” ЖЧКнын өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Орозов билдиргендей, кыргыз тилине которгондо ал “кефир азыгы” деп аталат. Ал эми башка азык жана башка технология менен өндүрүлгөн айран ошол боюнча калат. Орус тилинде да анын аты өзгөрүлбөйт, деди.

Ошондой эле маалымат жыйындын катышуучулары кефир менен айранды алмаштырбоого чакырды.

Технологдор жаңы кефир азыгынан коркпоого чакырды. Алар билдиргендей, анын ичине эч кандай жасалма азыктар жана башкалар кошулбайт.

Ошондой эле Бакыт Шабданов учурда калк ичинде түшүндүрүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына көңүл бурган. Анын айтуусу боюнча, буга чейин ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн ичинде бул техрегламент күчүнө кирип, өндүрүштүн көлөмү азайган.

“Алар атын алмаштырганда өндүрүш 30%га төмөндөгөн. Биздин өндүрүүчүлөр мындай чыгашаларга дуушар болбошу үчүн биз түшүндүрүү иштерин эртерээк баштоону чечтик”, - дейт Шабданов.

Пикир

Оставить комментарий