• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус 100 күндүн ичинде адамзатына кандай таасир этти

COVID - 19 0

Эки күн мурда, 8-апрелде Кытайдын Ухань шаарында табышмактуу пневмония тууралуу маалыматтардын чыгышына туура 100 күн болду. Бүгүн ал илдет дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, өлкөлөр чек араларын жаап, көптөгөн ири иш-чаралар токтотулуп, дүйнө кыйын абалга туш болду.

100 күндүн ичинде коронавирус дүйнөнү кантип өзгөрттү?

Ооруну жуктурган алгачкы учурдан алардын саны 100 миңге жеткенге чейин 67 күн өттү. Ал эми 100 күндүн ичинде алардын сан 1,5 миллиондон ашты.

2019-жылдын 31-декабрында Кытайдын бийлиги Уханда белгисиз пневмония катталганын билдирип, ызы-чуу болбоого чакырган. Ал учурда шаарда илдетке чалдыккан 27 адам болуп, жетөөсүнүн абалы өтө оор болгон. Ошондой эле 2 адам жакшы болуп келе жаткан.

1-январь – "Манас" жана "Ош" аэропортторунда, Кытай менен чектешкен өткөрмө бекеттериндеги санитардык-карантиндик пункттардагы иш күчөтүлдү.

2-январь – илдет Ухандан башка жерлерге да чыкты: Ухандан Гонконгго барган аял ооруканага жаткырылды.

5-январь – илдет Кытайдын чегинен чыгып, Сингапурда аныкталды.

9-январь – Кытайдын бийлиги Уханда чыккан пневмониянын чыгышына коронавирустун жаңы түрү себеп болгонун билдирди.

22-январь – Ухань карантинге жабылды.

23-январь – Кыргыз-кытай чек арасында турган бардык көзөмөл өткөрмө бекеттери жабылды.

24-январь – Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда болгон бардык аба каттамдары токтотулду. Үрүмчү каттамы 31-январга чейин жабылды.

11-февраль – вируска COVID-19 аталышы берилди.

4-март – Россияда ооруну жуктурган алгачкы учур катталды.

10 жана 12-март – Италия өлкө боюнча карантин киргизди.

11-март – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныды.

17-март – Кыргызстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталды. Алар – Сауд Арабиясына барып келген Сузак районунун 3 тургуну.

19-март – Кыргызстан чек араларын жапты.

29-март – Кытайдын саламаттык иштер боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө эпидемиянын жайылышы дээрлик токтогонун билдирди.

30-март – Россия чек араларын толук жапты.

2-апрель – Ооруну жуктургандардын саны 1 миллиондон ашты.

4-апрель – Кытайда COVID-19 илдетинен каза болгондор боюнча улуттук аза күнү деп жарыяланды.

8-апрель – Ухань шаары ачылды.

2019-жылдын декабрь айынан бери бүгүнкү күнгө чейин Кытайда ооруга чалдыккандардын саны 81,7 миң адамды түздү. Расмий маалыматтар боюнча оорудан каза болгондордун саны 3,3 миң кишини түзөт.

Азыркы тапта дүйнөдө коронавирус жуктурган 1,5 млн учур аныкталды. Анын ичинен 90 миңден ашык киши каза болду.

Дүйнө өлкөлөрүндө эмне болуп жатат?

АКШда коронавирус жуктурган учурлардын саны 400 миңден ашты. Анын ичинен 15 миңге жакын киши кайтыш болду.

АКШнын Нью-Йорк штаты коронавирус жуктурган учурлардын саны боюнча башка өлкөлөрдөн ашты (АКШнын өзүн эсептебегенде).

Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунда Испания турат: 146 миң учур, анын ичинен 15 миңден ашык адам каза болду.

Саламаттык сактоо системасы үчүн сыноо

Коронавирус жуктургандардын санынын 1 миллиондон ашышы саламаттык сактоо системасында кризис жаратты. Испания менен Италияда дарыгерлер көп сандагы бейтаптарды кароого жетишпей жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пикири боюнча, Германия, Швеция жана Кытайдын саламаттык сактоо системасы башка өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасына караганда кыйла натыйжалуу иштөөдө.

"Бул өлкөлөрдө оорукана, клиника, медициналык мекемелер бирге иш алып барууда. Аларда коммуникация, ыкчам түрдө чара көрүү жана ресурстарды бөлүштүрүү жолго салынган", - деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.

Көпчүлүк өлкөлөрдө да жеке коргонуу каражаттары жетишпей жатканы байкалууда. Бул илдеттин айынан дарыгерлерге чоң оорчулук келип, аларга күнү-түнү иштөөгө туура келүүдө.

Дүйнөнү эмне күтүп жатат?

Учурда, дүйнөдө COVID-19 илдетинен улам 1 миллиарддан ашык адам жумушсуз калышы мүмкүн экени болжолдонууда. Бир топ өлкөлөрдө, айрыкча саламаттык сактоо системасы жана экономикасы алсыз өлкөлөрдө көпчүлүк кыйынчылыктар жаралары айтылууда.

Билл Гейтс коронавирустун жайылышынан улам жаралган кризис дүйнө экономикасына чоң сокку урарын билдирди.

"Дүйнөлүк ИДП тарыхтагы эң ири жоготууларга учурашы мүмкүн. Балким (Улуу) депрессия же 1873-жылдагы биржалык кыйроо мындан жаман болушу ыктымал. Бирок мен жашаган заманда ал эң чоң экономикалык сокку болот", - деди ал.

Үчүнчү орунда Италия турат: 140 миң учур, анын ичинен 18 миңден ашык киши кайтыш болгон.

1-апрелден тарта Түркия коронавирус жуктургандардын саны көп 10 өлкөнүн катарына кирди. 8-апрелге карата ал 9-орунда турган. Ал жакта ооруга чалдыккан 42 миңден ашык киши аныкталып, анын ичинен 900 адам каза болду.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон коронавируска чалдыгып, ооруканада дарыланууда.

Россияда акыркы 20-жылдагы чоң кризиске кептелгендей – коронавирус пандемиясына кошумча өлкөнүн бюджети көз каранды болгон мунайдын баасы түштү. Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө 30-апрелге чейин жумушчу эмес күн болорун жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий