• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус 69 адамдан жаңы табылса, 84 бейтап сакайды. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 32, Чүй облусунда – 21, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 684 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 852 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 622 киши айыгып чыкса, 2 миң 610 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий