• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Абылгазиев нөөмөттө турган дарыгерлерге сый акы берүүнү караштырууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешме өткөрдү.

Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды.

Андын тышкары, премьер-министр Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, мындан ары да кыргызстандыктарга аракеттешүүнү, ошондой эле жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында Абылгазиев компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий