• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Ак калпак күнүнө карата маданий иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду

Маданият 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Дүйнөгө тарап жаткан коронавирус илдетинен улам Кыргызстанда Ак калпак күнүн майрамдоо бир гана телеканал жана соцтармакта жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, негизинен бул күнү жыл сайын концерт жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлүп келчү.

"Бул жылы эл чогулта турган иш-чара өткөрбөйбүз. Иш-чаралар телеканал жана соцтармактардагы акциялар менен гана чектелет", - дейт министр.

Ошондой эле Жаманкулов белгилегендей, коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий