• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Коронавирус акыркы суткада дагы 554 адамдан аныкталып, үч адам кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.10.20. /Кабар/. Коронавирус акыркы суткада дагы 554 адамдан аныкталып, үч адам кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирет.

Штабдын 18-октябрь саат 11:00гө карата тараткан маалыматына ылайык, акыркы суткада оору жаңы аныкталган учурлар;

  • Бишкек - 88
  • Ош - 38
  • Чүй облусу – 46
  • Ош облусу - 105
  • Талас облусу - 12
  • Нарын облусу - 6
  • Ысык-Көл облусу – 26
  • Жалал-Абад облусу – 143
  • Баткен облусу - 90

Илдеттен бир суткада Бишкекте - 20, Ош шаарында - 18, Чүй облусунда - 18, Ош облусунда - 79, Талас облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда - 46 жана Баткен облусунда - 26 бейтап айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавируска жалпы 52 миң 44 адам кабылса, анын ичинен 45 миң 736сы айыгып чыкты.

Республика боюнча стационарларда 2 миң 489 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 232 жаран дарыланууда.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир күн ичинде 3 адам каза тапты. Алар Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Бишкекте - 1 адам көз жумду. Жалпы 1 миң 111 киши өпкөнү сезгенткен оорудан кайтыш болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында- 1, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда 1 медик ооруга кабылды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 534 учур катталды, алардын ичинен 3 157 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий