• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус аныкталган 631 бейтаптын жаш курагы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20 /Кабар/. Кыргызстанда лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургундардын саны 631 адамга жетти. Алардын ичинен 302си айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 340 - аял, 291 - эркектер.

Жаш курактары;

-15 жашка чейин - 67, алардын ичинен төртөө бир жашка чейинки наристе,

-16 жаштан 19 жашка чейин - 17 адам,

-20 жаштан 35 жашка чейин - 172 адам,

-35 жаштан 55 жашка чейин - 232 адам,

- 55 жаштан улуулар - 143ди түзөт.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 19 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 631 учуру катталды. Алардын 162си медицина кызматкерлери. Стационарда 321 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 302 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий