• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Балыкчы шаарында алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Балыкчы шаарында коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө максатында алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өзгөчө абал режими учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте коронавирус илдетинин алдын алуу жана токтотуу максатында коплекстүү иш-чараларды аткарууда.

"Балыкчы шаары аркылуу Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарына кетүүчү жол жайгашкандагына байланыштуу, Балыкчы-Нарын жана Балыкчы-Бишкек унаа жол аймактарында 2 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөп жатышат. Балыкчы шаардык ИИБнин кызматкерлеринен тышкары “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жана ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери да коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылды", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Андан тышкары, Балыкчы шаарынын аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундардан жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнөн куралган 4 фильтрациялык пост орнотулган. 13 маршрут аркылуу 3 кайгуул мобилдик топ уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий