• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус белгилери байкалбай өтүп жатканда бейтаптын айланасындагы адамдар үчүн коркунуч жаралат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Коронавирус белгилери байкалбай өтүп жатканда бейтаптын айланасындагы адамдар үчүн коркунуч жаралат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Үсөнбаевге оорунун белгилери байкалбаган түрдө өтүп жаткан коронавирус канчалык кооптуу деген суроо берилди.

"Муну эки жактан караса болот. Бейтаптын өзү үчүн оору ден соолугуна оор залал тийгизбеши мүмкүн. Эпидемиологиялык жактан караганда бул кооптуу жагдайга алып келиши ыктымал. Анткени, ал бейтаптын жанындагы адамдар үчүн коркунуч жаратат. Оору белгилери байкалбай өтүп жатканда да вирус айлана-чөйрөгө тарап, илдет башка адамдарга да жугушу мүмкүн", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий