Коронавирус: Бишкекке Ухандан 18 кыргыз студенти алынып келинди

Коом 0

Бишкек, 02.02.20. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда атайын борт менен Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу 18 кыргыз студенти Бишкекке алынып келинди.

«Алардын баары аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү. Ушул тапта алар Бишкек шаарынын четиндеги ооруканага жаткырылды», - деп билдиришти министрликтен.

Карантин мезгилинде Ухандан алынып келинген жарандар менен бир гана медицина кызматкерлери байланышта болуп турушат.

«Кошумча маалыматты КР Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынан алууга болот: 01312 66-06-63», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий