• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-5-март күндөрү өтө турган чемпионат май айына жылдырылган.

Мындай чечимге коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болгон. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Ошондой эле Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды.

Пикир

Оставить комментарий