• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус биздин арабызда. Боронов жарандарды сак болууга жана санитардык талаптарды сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында жарандарды сак болууга жана санитардык талаптарды сактоого чакырды.

"Коронавирус биздин арабызда. Ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкер болот. Бул вирус дүйнөдө бар жана көптөгөн жарандар аны саясат менен байланыштырууда. Көңүл буруңуздар, мындай билдирүүлөрдү белгилүү инсандар, илимпоздор айткан жок, көбүнчө ал социалдык тармактарда айтылып жатат. Жоопкерчиликтүү болууга, өзүңүздү жана жакындарыңызды бул дарттан коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырам. Ар бир кыргызстандыкка ден соолук жана узак өмүр каалаймын", - деди Боронов.

Белгилей кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий