• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус боюнча абал начарлай баштаса карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү маселеси көтөрүлөт – Боронов

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча абал начарлай баштаса карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө акыркы 10 күндө эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетти.

"Бул бир гана Кыргызстанда эмес. Германия, Франция, Италия, Индияда COVID-19 оорусунун жаңы учурлары көбөйүүдө. Бизде дагы ушундай эле көрүнүш. Бүгүнкү күндө 200дөн ашуун COVID-19 оорусу катталды. Кечээки маалыматтарга салыштырмалуу бул көрсөткүчтөр жогору. Биз карантин киргизбөөгө аракет кылабыз. Коронавирус боюнча абал начарлай баштаса карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү маселеси көтөрүлөт", - деди Боронов.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий