• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматы күнү-түнү иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматы күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде аталган кызматка 1 миң 961 адам кайрылган.

"Жарандар телефон аркылуу медициналык кеп-кеңештерди алып, саламаттыгы боюнча атайын даярдалган анкетаны толтурууда. 118 кыска номерине: акыркы 30 күндө чет жакта болуп келген жарандар, эпидемиологиялык абал курч болгон аймакта болгондор, обсервация же үй карантининде болгондор жана оорунун белгилери байкалган адамдар кайрыла алат", - деп айтылат маалыматта.

Кайрылган жаранда коронавируска байланышкан белгилер байкалса мобилдик топ жерине барып, ал адамдан анализ алат. Бардык кызматтар бекер.

Пикир

Оставить комментарий