• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус боюнча кырдаал начарласа Евро-2020 мелдеши өтпөйт

Спорт 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча кырдаал начарласа футбол боюнча Евро-2020 мелдеши өтпөй калат. Бул тууралуу УЕФАнын вице-президенти Микеле Ува Rai Sport спорт телеканалына билдиргенин РИА Новости жазат.

Ал, Европадагы коронавируска байланышкан кырдаал боюнча комментарий берип жатып, УЕФА кырдаалга көз салып жатканын айтып, коронавирустун жайылышы токтобой, улана берсе УЕФАнын баардык мелдештери токтотуларын билдирген.

"Биз мелдештерди токтотпогонго аракет кылабыз. Эгер кырдаал начарласа мелдештер өтпөй калат", - деген ал.

Белгилей кетсек, Евро-2020 быйыл 12-июндан 12-июлга чейин болуп өтөт. Мелдеш алгачкы ирет 11 өлкөнүн 12 шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий