• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коронавирус боюнча статистика. 17-январга карата 781 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 658, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 48, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 14 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бугүнкү күндө стационарларда коронавирустан 907 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий