• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус боюнча статистика. Жаңы 356 учур катталып, беш бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 28-январга карата коронавирус 356 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 216, Чүй облусунда – 88, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 12, Талас облусунда – 5, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 604 адам илдеттен сакайып чыкты, беш бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 771 киши айыгып чыкса, 2 миң 867 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий