• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус боорго кандай таасир берет?

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Республикалык штаб маалымдагандай, окумуштуулар коронавирус адамдын боорун түздөн-түз жабыркатарын аныкташты, анткени COVID-19га чалдыккан бейтаптарды патологиялык-анатомиялык изилдөөдө боордун ткандарында вирустун бар экенин ырасталган.

Алар боордун өнөкөт оорулары (өнөкөт жугуштуу гепатит, цирроз, боорду май басып кетүү ж.б.) COVID‑19дун өтүү божомолун начарлатат деп белгилешет. Алсак, өнөкөт В гепатиттен жабыркаган бейтаптар коронавирус инфекциясын жугузганда организмден вирусту чыгаруу үчүн көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Боор ооруларынан жабыркаган адамдар үчүн коронавирустан кийин боордун начарлоо тобокелдиги жогорулайт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, COVID-19 жеңил жана орто оордуктагы түрдө өткөн жана мурда боордун патологиясы болбогон бейтаптарда коронавирустан айыккан соң боордун иштөөсү бара-бара өз ченемине келет. Боордо анчалык олуттуу эмес көйгөйү бар бейтаптарда дары-дармек менен дарылоо талап кылынбайт. Ал эми боору өтө жабыркагандарга дарыгер коронавирустан кийин комплекстүү дарылоону дайындайт.

Пикир

Оставить комментарий