• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус дүйнөнүн 197 өлкөсүндө катталды

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус илдетинен 18 миң 440 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 вирусу дүйнөнүн 197 өлкөсүндө аныкталды. Анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да катталды.

Дүйнөдө илдетти 414 миң 179 адам жуктуруп алса, ал эми айыккандардын саны 113 миң 770 адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий