• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен аныкталды.

Бишкек шаарында 2 кызматкерден, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда 1 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 6 медицина кызматкери коронавирустан айыккан. Мындан сырткары үй карантининен 23 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 991 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 271 медкызматкер айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий