• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коронавирус дагы 10 медкызматкерден табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 10 медкызматкерден табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бир , Чүй облусунда бир, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3 жана Талас облусунда бир медик ооруп калды.

"Ал эми акыркы сутка ичинде бир медик ооруканадан, ал эми 2 медкызматкер үй карантининен айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 364 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 72 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 245 жаңы учур катталып, жалпы илдетке кабылгандардын саны 48 миң 342ге жетти. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып чыкса, 1 миң 73 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий