Коронавирус дагы 12 медицина кызматкеринен табылды, 13 медкызматкер оорудан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 12 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ош шаарында – 3, Чүй облусунда - 1, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 1, Ош облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда 1 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Ошол эле учурда ооруканада дарыланып жаткан 3 медицина кызматкери коронавирустан айыккан. Андан сырткары үй карантининен 10 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 3 миң 30 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 328 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий