• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус дагы 12 медицина кызматкеринен табылды, 27 медкызматкер оорудан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 15 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 2 кызматкерден, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда - 1, Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда - 1, Ош облусунда 3 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 9 медицина кызматкери коронавирустан айыккан. Андан сырткары үй карантининен 18 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 3 миң 18 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 315 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 272 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 645ти түзөт. Алардын ичинен 33 миң 951 киши айыгып чыкты, 1 миң 493 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий