• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус дагы 15 медицина кызматкеринен табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 15 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 4 кызматкерден, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 3, Ош облусунда 1 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 3 медицина кызматкери коронавирустан айыккан. Адан сырткары үй карантининен 14 медицина кызматкери айыгып чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 3 миң 6 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 288 медкызматкер айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 304 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 373тү түзөт. Алардын ичинен 33 миң 622 киши айыгып чыкты, 1 миң 491 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий