• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коронавирус дагы 3 медицина кызматкеринен аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Коронавирус дагы 3 медицина кызматкеринен аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, Ош облусунда 1 медицина кызматкеринен, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда да 1 медкызматкерден
коронавирус табылган.

Ошол эле учурда ооруканалардан 5 жана үй карантининен 9 медицина кызматкери айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 3 миң 152ни түзөт, алардын ичинен 2 миң 564 медкызматкер коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 87 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 403тү түзөт. Алардын ичинен 39 миң 826 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий