• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарыгерлерди бир күндүк айлыгын которгула деп мажбурлоодо деген маалымат туура эмес - Акматова

Ден соолук 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу ачылган эсепке дарыгерлерди бир күндүк айлыгын которгула деп мажбурлап жатат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акматова мындай туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат. "Дарыгерлердин бир күндүк айлыгын которууну талап кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлер жөнүндө мындай маалыматтарды чыгыруу туура эмес", - дейт ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий