• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Германия жана Сауд Арабиядан келгендерден анализ алынды, алардын ичинде ЖК депутаттары бар

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Парламенттик делегациянын бардык мүчөлөрү үй карантинине алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында 9 адам, анын ичинде вице-спикер Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дүйшалиев бар.

“Делегациянын курамындагылардын бардыгынан анализдер алынды, жыйынтыгы бүгүн кечке чейин даяр болот. Ошондой эле кечээ Кыргызстанга Сауд Арабиясынан умрага барган 300 адам келген. Алардын бардыгына үй карантинин кантип өтүү тууралуу колдонмолор таратылып, коронавируска анализ алынды”, - деп билдиришти штабдан.

Пикир

Оставить комментарий